Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Нетаньяху Израилдин Газаны ээлеп алуу ниети жок экенин билдирди


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин ХАМАСты жеңгенден кийин Газаны ээлеп, басып алуу же башкаруу ниети жок экенин 9-ноябрда өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Бирок ал эгер согушкерлердин коркунучун алдын алуу зарыл болсо анклавдын аймагына «ишенимдүү күчтөр» кириши мүмкүн экенин кошумчалады.

"Биз Газаны ээлеп алууга, оккупациялоого умтулбайбыз, Газаны башкарууга умтулбайбыз, – деди ал Fox News телеканалына курган маегинде. – Газанын келечеги кандай болушу зарыл экени түшүнүктүү эле го деп ойлойм: бул кармаштын соңунда ХАМАС деген болбойт, биз ХАМАСты жок кылабыз, бул бизге гана эмес, баарына, цивилизация үчүн, палестиналыктар жана израилдиктер үчүн керек. Биз Газанын демилитаризациясын, дерадикализациясын жана калыбына келишин көрүшүбүз зарыл, мунун баары колдон келет".

Израилдин башкы өнөктөшү АКШ анклавды согуштан кийин палестиналыктар башкарышы керек деген позициясын билдирди.

Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тартып Газанын түндүгүндө күнүнө төрт сааттык тыныгуу болорун билдирди. Вашингтон муну туура багыттагы кадам деп сыпаттады.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңдей палестиналык каза тапканын кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG