Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын мугалимдерине техникалык жардам көрсөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын район жана шаарларындагы билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу үчүн техникалык жардам көрсөттү. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн 10-ноябрда билдиргендей, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору алкагында 65 ноутбук сатылып алынды.

Ар бирине лицензиялык программалоо орнотулган, атайын өзүнчө баштыкка салынган ноутбуктар министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн башчыларына таркатылып берилет. Алар аркылуу окуучунун билим деңгээлине, окутуу сапатына көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп турууга, мугалимдердин IT платформаларда иштөө жөндөмүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG