Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:06

Бишкекте эки өспүрүм кыз өгөй атасынын ур-токмогуна кабылды


Сабалган кыздар 9 жана 10 жашта.
Сабалган кыздар 9 жана 10 жашта.

Бишкекте эки кызды сабады деп шектелген өгөй ата камакка алынганын 10-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 33 жаштагы шектүү Ленин райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды, иштин материалдары райондук сотко өткөрүлөт.

9-ноябрда “Балдардын укугун коргоочулар лигасынан” жетекчиси Назгүл Турдубекова бети, денеси көк ала болуп сабалган 9 жана 10 жаштагы кыздардын сүрөтүн жарыялап , милицияны бул окуяга көңүл бурууга чакырган.

Укук коргоочу кыздардын апасы милицияга арызданганын, бирок ал жактан шектүүнү коё берип жиберишкенин күбөлөргө таянып жазган.

Балага зордук-зомбулук көрсөткөн оор кылмыштардын 80% адатта тууганчылыгы бар адамдар жасай турганын укук коргоочулар белгилешет.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда 200дөй бала зордук-зомбулукка кабылган. Былтыр балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу түшкөн. Жашы жете электерге зомбулук көрсөтүүгө байланыштуу 286 жолу телефон чалышкан. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар экени маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG