Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Соода борборунда жоголгон кыз боюнча "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башка бирөөнүн наристесин оюн аянтчасынан алып чыгып кеткендер боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын 10-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектелип 25 жаштагы келин жана 13 жаштагы бала аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Окуя 9-ноябрда болгону, үч жашар кызын "Аламүдүн Гранддагы" оюн аянтчасынан жоготуп алганын айткан аял Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганы, милиция дароо чара көрүп, кызды таап, кайтарып бергени маалым болду.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, апасы алаксып кетип, кызын ойноп отурган жеринен таппай калганын айтып берген, ал эми алып кеткен келин кыз аларга ыйлап өзү барганын, аны эртеси күнү кайра ошол жерге алып барууну пландап жатканын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG