Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Баткен: Көмүр бизнесиндеги текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенден коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз көмүр бизнесин уюштурган топ боюнча жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 11 ишканадан 87 миллион сомдон ашуун каражат кайтарылганын бүгүн 10-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоо үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында көмүр казуу жана экспорттоо менен алектенген 29 ишкананын соңку алты жылдагы экономикалык ишмердүүлүгү, салык төлөөлөрү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

“Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары таза эмес иштеген ишканалардын узак убакыт бою бажы жана салык органдарынан көмүр казып алуудан, аны коңшу өлкөлөргө төмөн баада экспорттоодон келип түшкөн ашыкча пайдасы тууралуу маалыматты жашыруусуна колдоо көрсөтүп келгени тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынды”, - деп билдирди УКМК.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде иш козголуп, беш киши кармалганын, алар Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетинин эки инспектору, Соода-өнөр жай палатасынын Баткендеги бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү эки ишкер экенин УКМК эки ай мурда кабарлаган.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG