Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Жапаров Франциянын президенти менен кызматташтыкты талкуулады


Садыр Жапаров жана Эммануэл Макрон.
Садыр Жапаров жана Эммануэл Макрон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Парижде Франциянын лидери Эммануэл Макрон менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Президент Садыр Жапаров Эммануэл Макронго Париж Форумуна, өз убагында өткөрүлүп жаткан мөңгүлөр боюнча биринчи Саммит - "Бир планета саммитине" катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жапаров өз кезегинде Франциянын президентин Кыргызстанга чакырган.

Садыр Жапаров 9-10-ноябрда Париждеги иш сапарынын алкагында, ЮНЕСКОнун жетекчиси Одрэ Азулеге жолукту. Президент уюмдун 42-сессиясында тоо экосистемаларын сактоо сөзүн сүйлөп, "Бир планета” саммитине катышты.

Кыргызстандын президенти Парижде эки өлкөнүн элүүдөн ашык ишкерлери чогулган кыргыз-француз бизнес-форумуна барып, бир катар ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон ноябрдын башында Казакстанга жана Өзбекстанга иш сапар менен келип кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG