Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:54

100 миңдей тургун Газа тилкесинин түндүгүнөн чыгып кетти


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Бейшемби-жума күндөрү Израил армиясы түзүп берген гуманитардык коридор аркылуу жүз миңдей жайкын тургун Газа тилкесинин түштүгүнө чыгып кетти. Коридор күнүнө алты сааттан иштейт.

ХАМАС радикал тобу тирүү адамдарды тирүү калкан кылуусуна жол бербөө үчүн израил армиясы бардык жай тургундарды Газа тилкесинин түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырууда.

Жума күнү ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари израил армиясы Газа шаарындагы ХАМАС куралдуу тобунун негизги позицияларын талкалап, 150 жоочу өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Радикал топтун талкаланган инфраструктурасынын ичинде ракета жана ок-дары чыгарган завод, жер алдындагы өтмөк бар.

Израилдин армиясы 10-ноябрда Газа тилкесиндеги чабуулдарда алты сааттык тыныгуу жарыялаган. Бул убакыт аралыгында Салах аль-Дин көчөсүндө эваукациялык коридор ачылат. Ал аркылуу карапайым тургундар Газа тилкесинин түштүгүнө чыгып кетсе болот.

Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тарта Газанын түндүгүндө күнүнө алты сааттык тыныгуу болорун билдирген.

Вашингтон муну туура кадам деп сыпаттады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбинин айтымында, тыныгуу тууралуу сөз АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинен президент Жо Байден менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрүндө козголуп келген.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газага сокку урууну жана жердеги операциясын улантууда. Бейшембиде ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери 11 миңге жакын киши өлгөнүн, алардын 4 миңден ашууну балдар экенин жарыялады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды башка булактардан бышыктай алган жок.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG