Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Чеченстанда Кадыровдун 18 жаштагы баласы министрдин орун басары болду


Ахмат Кадыров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.
Ахмат Кадыров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу баласы Ахмат Кадыров Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ахмат 8-ноябрда 18 жашка чыкты.

Жаңы дайындоо боюнча кабар жарыяланган жок, бирок Рамзан Кадыров Телеграм-каналында сүйлөп жатып, Ахматтын жаңы кызматы жөнүндө айткан.

Кавказ.Реалии буга чейин министрдин орун басары кызматында Хусейн Абдулкаримов ээлеп турганын жазды. Редакция расмий буйруктарды анализдеп, 8-ноябрда Абдукаримов кызматынан төмөндөп, жөн гана министрдин орун басары болуп калганын тактады.

Буга чейин Ахмат Кадыров Чеченстандын башчысынын жардамчысы жана кремлчи жаштардын “Движения первых” уюмунун аймактык жетекчиси болгон.

Чеченстан боюнча Кадыровдун жүздөй тууганы ар кандай кызматтарда иштейт. 2018-жылы ВВСнин орус кызматы 158 аткаминердин 47си Кадыровдун туугандары экени жөнүндө иликтөө жарыялаган.

Жакында эле Рамзан Кадыров Кабардин-Балкария аймагы 15 жаштагы уулу Адамды "Республикага сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлаганын билдирген. Кенже Кадыровдун наам алганы тууралуу маалымат айрым аймактар ага наам берүүдөн баш тартканы тууралуу кабарлар чыккандан бир аптадан кийин жарыяланды.

Өткөн айдын башында өспүрүм "Чеченстандын баатыры" деген наам алган. Андан көп өтпөй Татарстанда ага "Дуслык" ордени ыйгарылган. Карачай-Черкес аймагында дагы ага жогорку орден берилген.

5-ноябрда 15 жаштагы Адам Кадыров республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматында бөлүм башчы болуп дайындалган. Рамзан Кадыров 4-октябрда 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарган. Ага чейин Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG