Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Орусиянын ракеталык аткылоосунан Киевде 18 үй талкаланды


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

11-ноябрда Украинада Орусиянын ракеталык аткылоосунан 18 жеке турак жай жана бир ишкананын имараты талкаланганын Киев облустук аскердик администрациясы кабарлады. Жарылуунун күчүнөн жана ракетанын сыныктарынан үйлөрдүн эшик-терезелери сынып, чатырлары жабыркады.

Ишемби күнү Орусия соңку эки айдан бери алгачкы жолу Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасады, алардын баарын Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнү кабарланды.

Украин аскерлеринин айтымында, ракеталар Курск же Брянск облустарынын аймагынан атылган болушу ыктымал.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салгандан бери кармаш уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG