Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан Орусияга машина импорттоодо негизги транзитке айланганы белгиленди


Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө (коллаж).
Кыргызстанда корей жана кытай жеңил автоунааларынын импорту өстү. Алардын бир бөлүгү Орусияга чыгып кетүүдө (коллаж).

Кыргызстан Орусияга сырттан жаңы автомашина ташууда негизги транзитке айланганын орусиялык талдоочулар белгилөөдө. “Автостат” аналитикалык агенттиги 10-ноябрда жарыялаган баяндамада Орусияга жаңы машиналарды ташып барууда Казакстан (7,5%), Кыргызстан (5,8%), Беларус (2,5%), Армения (1,6%) жана Бириккен Араб Эмирликтери (1%) “популярдуу багыт” болуп жатканы, соңку кезде Казакстандан импорт кыйла азая баштаганы, ал эми Кыргызстан негизги “транзиттик коридор” бойдон калып жатканы айтылды.

Быйыл жыл башынан бери Орусияга 889 миң жеңил машина импорттолгону, бул былтыркы жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 2,8 көп болгону, алардын 60% жаңы машиналар экени да белгиленди.

Ал эми эски машиналар рыногунда Орусияга ташылган өлкөлөр арасында Жапония биринчи орунда турат (54%), Кыргызстандын үлүшү 4,6%.

Жалпысынан быйыл Кыргызстан аркылуу Орусияга 31,7 миң жаңы жана 15,8 миң эски машина ташылып барды.

Быйыл январь-июль айларында Кыргызстанга 85 миңдей жеңил автоунаа импорттолду. Бул 2022-жылдын жети айына караганда 4,5 эсе көп. Жеңил машина импорту соңку эки жыл ичинде импорттук товарлардын тизмесинде сап башына чыкты.

Түштүк Корея менен Кытайдын автоөндүрүшү салттуу импортоочулар болгон Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынан озуп өтүп, кыргыз рыногунун негизги бөлүгүн ээледи. Бирок алардын баары эле өлкө ичинде калбайт, бир бөлүгү Орусия менен Казакстанга чыгып кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG