Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Дан эгиндери өткөн жылга караганда 15% аз жыйналды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл дан эгиндери бастырылып алынган түрдөгүсү былтыркыга салыштырганда 15% аз экенин Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме 11-ноябрда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатканына байланыштуу кезектеги баяндамасын жарыялады.

Анда белгиленгендей, 23-октябрга карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречиханы кошпогондо) 579 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 1,2% көп.

Бирок бастырылып алынган салмакта 1,6 миллион тонна дан жыйналганы, бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 15% аз экени маалымдалды.

"Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28% азайышы менен шартталган", - деп билдирди Статком.

Быйыл жайында күн аябай ысык болгондуктан вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы былтыркыга караганда дээрлик 26%, арпаныкы 29,5 % кыскарды. Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйналуучу аянттары азайды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG