Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Бишкек: Элдик курултайга талапкер тандоо аяктады


Былтыр алгачкы элдик курултай 25-26-ноябрда өткөн. Архивдик сүрөт.
Былтыр алгачкы элдик курултай 25-26-ноябрда өткөн. Архивдик сүрөт.

Бишкекте кезектеги шаардык курултайга катыша турган жарандар аныкталды. Борбор калаанын мэриясы 11-ноябрда билдиргендей, жалпысынан жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана отурумдарынын жыйынтыгы менен шайлоо жолу аркылуу 500 адам тандалды.

Шайлоо 16-25-октябрь күндөрү өттү. Эми 18-ноябрда өтө турган шаардык курултайда 500 кишинин арасынан 60 делегат тандалып, 18-декабрга пландалып жаткан республикалык элдик курултайга делегат болуп жөнөтүлөт.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам быйыл 24-июлда кабыл алынган. Алгач президент Садыр Жапаров демилгелеген мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кийин депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин кыскарганын, делегаттардын 1070 деген саны 700гө чейин азайганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын маалымдаган.

Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көптөгөн жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG