Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Эне баш тарткан ымыркайын көчөгө эмес, атайын жайга калтырса болору эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы эне баш тарткан ымыркайын каалаган убакта борбор калаадагы атайын мекемеге тапшырып кетсе болорун эскертти. 11-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта турмуштук оор абалда калган эне жаңы төрөлгөн баласынан төрөт үйүнөн эле тийиштүү кагаздарга кол коюп, баш тартса же Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборуна калтырып кетсе болору белгиленди.

Бул борбордон тышкары ар бир райондук акимчиликтин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү да бар экени маалымдалды.

8-ноябрда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн.

11-ноябрда ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.

Ымыркай азыр №1 Төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. 11-ноябрда ал жакка Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков барып, баладан кабар алды.

Дарыгерлер ымыркайдын абалы канааттандырарлык экенин айтышты.

Жаңы төрөлгөн бала көчөгө, таштанды арасына, дааратканага ташталган окуялар буга чейин да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG