Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Фейсбук колдонуучусу башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалды


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда 13-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын маалымдады.

Атайын кызмат иш Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” беренеси менен козголгонун, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Фейсбукта Адис Жумгалов деген аккаунттун колдонуучусу – 1980-жылы туулган адам (М.А.Р.) кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, ал баракчасына массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турганы аныкталган.

Шектүү жашаган жерден төрт уюлдук телефон, бир компьютер, эки ок атуучу курал жана ок-дары табылган.

Кармалган адамдын жакындары, адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG