Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:27

Харьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар уланууда


Херсондогу облусттук китепкана орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 12-нобярь, 2023-жыл
Херсондогу облусттук китепкана орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 12-нобярь, 2023-жыл

Украинанын Харьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Купянск, Бахмут жана Авдеевка багыттарында 70тен ашуун кагылыш болгонун украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 13-ноябрда билдирди. Штаб аскерлери Бахмуттун түштүгүндө чабуулун улантып жатканын кошумчалады. Маалыматта каршы тарап Адвеевканы "курчоо аракетинен баш тартпаганы”, украин армиясы Мелитопол багытында алга жылуу операцияларын жүргүзгөнү айтылат.

Ал арада Херсон аймагынын аскердик администрациясы 12-ноябрга караган түнү шаарга урулган соккунун кесепети, Гончар атындагы облустук китепкана жабыркаганы тартылган видеону жарыялады. Имараттын сырты жана ичи жарым-жартылай талкаланды.

Куткаруучулар бир жарым саат өрт менен күрөшкөнүн облус администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграм-каналга жазды. Анын айтымында, эч ким жабыркаган жок.

Кийинчерээк Прокудин шаардын Днепр районунда орус армиясынын соккусунан 64 жаштагы киши үйүнүн короосунда каза тапканын, анын аялы жарадар болгонун билдирди.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды, калк жашаган райондорду бутага алганын танып келатат.

Жекшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскердик буталарына сокку урулганын, Донецк, Запорожье жана Херсон аймактарында каршы тараптын чабуулдарынын мизи кайтарылганын маалымдаган.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG