Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

Будапешт Украинага аскердик жардам берүүгө дагы каршы чыкты


Петер Сиярто
Петер Сиярто

Венгрия Европанын тынчтык фондунан Украинага аскердик жардамдын кезектеги 8-траншын - 500 млн евро берүүгө каршы чыкты.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Киев венгриялык ишканалар жана "ОТП Банк" согуштун эл аралык демөөрчүлөрүнүн" тизмесине киргизилбешине кепилдик бермейинче, Будапешт Украинага жардам берүүгө макул болбосун айтты. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматынын европалык кабарчысы Рикард Йозвяк, Х соцтармагына жазды.

"OTП Банк" Борбордук жана Чыгыш Европадагы Банктар ассоциациясынын мүчөсү. 2015—2019 -жылдары анын жетекчилиги менен Орусияда онлайн кызмат көрсөтүүчү Touch Bank иштеген. Украин өкмөтүнүн коррупциянын алдын алуу агенттиги аталган банкты "Согуштун эл аралык демөөрчүлөрү" тизмесине киргизген.

Украинага аскердик жардамдын 8-траншы - 500 млн еврону берүүгө Венгрия буга чейин эки жолу: июлда жана октябрда каршы чыгып, жардамдын жетишине бөгөт койгон. Будапешт Киевден "OTП Банкты" согуш демөөрчүлөрүнүн тизмесинен биротоло чыгарууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG