Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Шакиев Кыргызстан Газадагы согушка тынчсызданып жатканын билдирди


Джавад Авад жана Нурланбек Шакиев.
Джавад Авад жана Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 14-ноябрда Палестин автономиясынын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Жавад Авад менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Нурланбек Шакиев Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын айтып, чыр-чатактын тезирээк токтошуна тилектеш экенин билдирди.

"Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөт”.

Жавад Авад акыркы окуялардын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден көп киши жаракат алганын, алардын 75% жакыны балдар экенин айтты.

11-ноябрда президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самитинде Кыргызстан Газа тилкесиндеги калкка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС тобунун (Европа менен АКШда террордук деп табылган) жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. (BTo)

XS
SM
MD
LG