Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Орусия Донецк облусундагы турак жайга сокку урду. Бир аял набыт болду


Селидово шаары аткылоодон кийин. Украина, 15-ноябрь, 2023-жыл
Селидово шаары аткылоодон кийин. Украина, 15-ноябрь, 2023-жыл

Орус аскерлери 15-ноябрга караган түнү Донецк облусундагы Селидово шаарына ракеталардан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Ал эми башкы прокурордун кеңсеси маалымдагандай, төрт кабат турак жайдын бир кире бериши ураганда 85 жаштагы аял каза тапты. Анын 56 жаштагы баласы, дагы бир аял жарадар болду.

Клименко куткаруучулар төртүнчү кабаттагы батирден үч кишини, арасында бир баланы алып чыгышканын жазды.

Урандылардын астында дагы тургундар болушу мүмкүн экени кабарланды. Куткаруу иши уланууда.

Башкы прокурордун кеңсеси Селидового орус аскерлери С-300 зениттик-ракеталык комплекстен төрт сокку урганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, 20 жер там, алты көп кабаттуу үй, менчик автоунаа жана чарбалык курулуш жарым-жартылай же толугу менен талкаланды.

Орусия тарап түнкү аткылоону комментарийлеген жок. Москва далилдерге карабай Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG