Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Сот Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровду 9-декабрга чейин камакта калтырды


Дамир Моңолдоров. УКМК тараткан сүрөт.
Дамир Моңолдоров. УКМК тараткан сүрөт.

Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында кармалат.

УКМК Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалып, камакка алынганын 15-ноябрда билдирген.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси менен тергелүүдө.

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. Ал бул кызматка келгенге чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Дамир Моңолдоровдун адвокаты Жылдыз Кадырова шаардык соттун токтомуна каршы Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылганын, шектүүнү камакка албай деле ишти тергесе болорун “Азаттыка” билдирди.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG