Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Кызылча оорусуна чалдыккандар төрт миңден ашты


Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусуна чалдыккандар 4098 болду. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул өтө жугуштуу илдеттен коргонуунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилеген мекеме азыр Европа аймагында ооругандардын көп катталуусу уланып жатканын белгиледи.

Министрликтин маалыматына караганда, калкы дээрлик 20 миллион коңшу Казакстанда бул илдетке чалдыккандар 13 миң болду, ал эми калкы 35 миллиондук Өзбекстанда болгону 164 бейтап катталды.

Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленген.

Кыргызстанда баласын кызылчага каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий маалыматына караганда, быйыл кызылчадан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес балдар болчу.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 77% түзүүдө.

Кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда кызылчадан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрынан тартып кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG