Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Айыл чарба министри кийинки жылы эмне эгүү керектигин айтты


Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маек берип жатып 2024-жылы жазында фермерлер менен дыйкандар кайсы өсүмдүктөрдү айдаса пайда табарын айтты.

Анын пикиринде келерки жылы фермер, дыйкандар быйыл баасы килограммы 200 сомдон түшпөгөн карагатты, жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланган "Италия" сортундагы кулпунайды, чакан жерден көп түшүм алууга мүмкүндүгү бар дан куурайды (малинаны) жана сабагында тикенеги жок, бармактай болуп чоңойгон Алтай чычырканагын отургузса жакшы акча табышы ыктымал.

Ал эми өлкөнүн түштүк облустары данектүү жер-жемиштерге жана пахтага басым жасаса жаңылбайт. Министр кийинки жылы пахтага байланыштуу үч кластер ишке кирип, алар пахтанын үрөнүнөн тартып кездеме чыгарууга чейинки багыттарды өзүнө камтый турганын билдирди.

Быйыл Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин түшүмү төмөн болуп, анын себеби катары жайдын кургакчыл жана ысык болгону айтылды.

Жыйналган дан эгиндеринин дээрлик 50% ашыгын берген Чүйдүн аймагында түшүмдүүлүк жылдагыдан эки эсеге кыскарган. Облуста арпа-буудайдын түшүмү 46%га аз жыйналды.

Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда да түшүмдүн көлөмү жылдагыдан төмөн. 2023-жылы Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга салыштырганда 36,4% аз жыйналган.

Соңку жылдарда мамлекеттик казынадан айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү өстү. “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында быйыл жазында 6,3 миңдей дыйканга жеңилдетилген насыя берилген жана анын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакын. Айыл чарба министрлиги каражат негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоого, мал чарбачылыгына бөлүнгөнүн билдирди. Насыянын теңинен көбүн же 4634 субъект мал чарбачылык категориясы боюнча алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG