Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Орусияда миграция саясатынын жаңы концепциясы сунушталды


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы “Справедливая Россия” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан миграция саясатынын жаңы концепциясында административдик мыйзам бузган мигранттарды да өлкөдөн депортациялоо сунушу жазылган.

Документтин авторлору азыркы миграция саясатынын концепциясы абдан эскергендиктен, аны жаңылоо зарыл деген жүйө келтиришти.

Жаңы вариантта ар бир ишканада эмгектенгендердин беш пайызын гана мигранттар түзүшү керек. Андан тышкары чет жактан келгендерге мугалим, дарыгер, такси айдоочусу болуп иштегенге тыюу салынат.

Аталган фракциянын депутаты Геннадий Семигиндин эсебинде, Орусиянын “өтө жумшак” миграциялык саясатынан улам мигранттардын "өз эрежелери жана нормалары бар анклавдары түзүлүп жатат".

Соңку бир нече айдан бери Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбоорлорун сунушташты.

Ушул эле “Справедливая Россия” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөөнү демилгелесе, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгаруу сунушун көтөргөн.

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айрым кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун даярдаганын жакында эле ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG