Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

CPJ: Израил менен ХАМАСтын согушунда 50дөй журналист набыт болду


Согушта мүрт кеткен палестин журналисти Мохаммед Собохтун кемселин кесиптештери көтөрүп баратышат.
Согушта мүрт кеткен палестин журналисти Мохаммед Собохтун кемселин кесиптештери көтөрүп баратышат.

Журналисттерди Коргоо комитети (CPJ) 19-ноябрда билдиргендей, Израил менен АКШ жана Европада террордук деп таанылган ХАМАСтын согушунда кеминде 48 журналист набыт болду. Маалыматка караганда, алардын 43ү палестин, төртөө израилдик жана бирөө ливандык журналисттер.

Андан тышкары маалымат каражаттарынын тогуз кызматкери жараат алып, 13ү камалып, үчөөнүн дайыны белгисиз экени белгиленген.

“Журналисттер кризис маалында маанилүү иш аткарып жаткан карапайым адамдар. Алар согушуп жаткан тараптардын бутасына айланбаш керек”,-деп билдирди уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Шериф Мансур.

Баарынан көп журналист ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салганда набыт болгону белгиленген. Анда маалымат каражаттарынын алты өкүлүнүн өмүрү кыйылган. Ушул тапта Израилдин жердеги операциясын жана Газа тилкесиндеги кырдаалды чагылдырып жүргөн журналисттер өмүрүн тобокелге салып, “израил армиясынын аба соккуларынын алдында, байланыш үзүл-кесил болгон, электр энергиясы жок, тамак-аш жетишсиз шартта” иштеп жатканы айтылат.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG