Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулду


Бүгүн 20-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышы болду. Расмий иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, депутаттар, саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоо каты менен тааныштырды.

Залкар жазуучуга эстелик орнотуу демилгеси Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевге таандык.

Айкелчи Азамат Абдрахмановдун колунан жаралган эстеликтин архитектору Нурсейит Мамбетказиев. Долбоордун жетекчиси Жанышбек Жамурзаев, каржылоочусу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болду.

Төрага Нурланбек Шакиев Сыдыкбеков чыгармачылык чөйрөдө гана эмес, коомдук турмушта да аксакалдык милдетти аркалаганын баса белгилеп, “Эне тилин билүү – эң башкы маданият”, – деген залкар жазуучу кыргыз тилинин келечеги үчүн күрөшүп, улуттук баалуулуктарды коргоодо чоң эмгек жумшаган. Катаал системанын каарынан коркпой, элдин эртеңине кам көргөн”, – деп айтты.

Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз жазма адабиятында алгачкы ирет роман жазган. Анын "Тоо арасында" ("Кең Суу") романы ошол убакта зор резонанс жараткан.

Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал өмүр бою Коммунисттик партияга да, кесиптик бирикмеге да мүчө болбой, кыргыз тарыхы жана тили үчүн талбай эмгектенген. Москвадагы жана жергиликтүү бийликти ачык сындаганы үчүн диссидент катары бааланган. "Манас" эпосун изилдөөгө, сактап калууга зор салым кошкон.

Анын мындай даркан эмгектерин мамлекет эгемендик алгандан кийин жогору бааланып, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ага биринчи болуп берилген.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 85 жашында Бишкекте дүйнөдөн кайткан.

2022-жылы жазуучунун 110 жылдыгы өлкөдө кеңири белгиленген. Быйыл апрель айында анын чыгармаларынын 15 томдугунун тушоо кесүүсү өткөн. Китеп президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чыккан. Чыгармалар топтомун Улуттук илимдер академиясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Китеп палатасы биригип даярдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG