Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

ХАМАС Израил менен ок атышууну токтотуу келишимине "жакындашканын" жарыялады


Газадагы индонезиялык оорукана соккудан кийин. 20-ноябрь, 2023-жыл
Газадагы индонезиялык оорукана соккудан кийин. 20-ноябрь, 2023-жыл

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания Израил менен ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди. Ал эми Тель-Авив 240 чакты кишини барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайсы баскычка жеткенин азырынча айта элек. Согушкерлер 7-октябрда барымтага алгандардын көбү израилдиктер, арасында балдар менен кары-картаңдар бар. Буга чейин бир ууч киши гана бошотулду же сөөктөрү өткөрүлүп берилди.

ХАМАС башкарган Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги дүйшөмбүдө билдиргендей, тилкеде жаңжал башталган 7-октябрдан бери 13 миң 300 киши каза тапты, алардын 5 миң 600ү балдар, 3 миң 550дөн ашыгы аялдар.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Палестин автономиясынын бийлиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде 215тен көп киши набыт болгонун, 2 миң 800дөн ашууну жараат алганын маалымдады.

Израилдин өкмөтү ХАМАСтын кол салуусунан 1 миң 200 кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады. Алардын 900 миңдейи БУУнун жайларында башкалкалап жатат.

20-ноябрда Израилдин коргоо күчтөрү Газа шаарында хамасчыларды курчоого алганын маалымдаган.

Рейтер агенттиги жазганына караганда, ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги ошол эле күнү израилдик аскерлер Газанын түндүгүндөгү индонезиялык ооруканага чабуул койгонун, 12 киши каза таап, ондогону жараланганын билдирди. Палестинанын маалымат каражаттары танктар оорукананы курчоого алганын, ал жакта медициналык кызматкерлер, бейтаптар менен жер которгон кишилер болгонун жазышты.

Тель-Авив бул окуяга байланыштуу үн ката элек.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG