Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Мелис Эшимкановдун элесине арналган конференция өтөт


Мелис Эшимканов.
Мелис Эшимканов.

Бишкекте белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимкановдун элесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Эшимканов атындагы коомдук фонддон кабарлашты.

"Мелис Эшимкановдун эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду" конференциясы 6-декабрда кыргыз телерадио кызматкерлеринин күнүнө арналып Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинде уюштурулууда.

Конференция алкагында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд студенттер арасында өткөргөн “Видео очерк" жана "Эссе" номинациялары боюнча чыгармачыл сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Көзү тирүү болгондо Мелис Эшимканов быйыл декабрда 61 жашка чыкмак. Ал 1962-жылы 9-декабрда туулган, 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза болгон. Эшимканов атындагы коомдук фонд журналисттер арасында чыгармачыл сынак уюштуруп, спорттук таймаштарды өткөрүп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG