Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотууга келишти


Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху шаршембинин таңында Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер кеминде төрт күнгө токтотулганын жарыялады.

Бул аралыкта ХАМАС радикал тобу (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) барымтадагы 150дөн ашуун адамдын 50сүн бошотуп берүүгө тийиш.

WhatsApp аркылуу тараган маалыматта Израил ХАМАС барымтада кармап турган адамдардын бардыгын бошотууну көздөп жатканы жазылган.

"Өкмөт бул максаттын алгачкы кадамын ишке ашыруу планын жактырды, 50 адам - аялдар менен балдар жакынкы төрт күн ичинде бошотулат. Бул аралыкта ок атышуу токтотулат", - деп жазылган анда.

Reuters жазгандай, Нетаньяху барымтадагы башка адамдар бошотулуп турган шартта ок атышпоо келишими узартылышы мүмкүндүгүн билдирди.

ХАМАС жана эки тараптын ортосунда арачылык кылып жаткан Катардын өкүлдөрү Израил өкмөт башчысынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Ок атышууну токтотуу бейшембиден тарта башталышы ыктымал, анткени Израилдин сот органдары келишимдин мыйзамдуулугуна баа берүүгө тийиш.

New York Times Израилдин бийлигиндеги булактарына таянып билдиргендей, Тель-Авив ХАМАСтын колунда барымтада турган 50 кишини бошотуу үчүн өз түрмөлөрүндө кармалып турган 150 палестиндикти бошотууга макул болгон.

Ок атышуу токтогон кезде израил армиясы Газа тилкесиндеги позицияларында кала берет. Газанын түндүгүнөн коопсуз жакка чыгып кеткен палестиндиктер кайтып келе албайт.

Шейшембиде ХАМАС радикал тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания тараптар макулдашууга жакындап калганын билдирген.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбүдө билдиргендей, тилкеде жаңжал башталган 7-октябрдан бери 13 300 киши каза тапты, алардын 5 600ү балдар, 3 550дөн ашыгы аялдар.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Палестин автономиясынын бийлиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде 215тен көп киши набыт болгонун, 2800дөн ашууну жараат алганын маалымдады.

Израилдин өкмөтү ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан 1200 кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG