Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Бишкек-Ош жолунда 20 тонна кара май Кара-Балта суусуна төгүлдү


Кырсыкка кабылган май ташуучу унаа жана ЖКККБ кызматкерлери. Бишкек-Ош жолу. 21-ноябрь, 2023-жыл.
Кырсыкка кабылган май ташуучу унаа жана ЖКККБ кызматкерлери. Бишкек-Ош жолу. 21-ноябрь, 2023-жыл.

22-ноябрда Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган автоунаа кырсыкка учурап, андагы 20 тонна күйүүчү май Кара-Балта суусуна төгүлгөн. Унаанын айдоочусу - 28 жаштагы жаран "Тез жардам" менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Мунай төгүлгөн суунун эл жашаган аймактарга жеткирбөө максатында санитардык эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамы экспертизага жиберилди.

Өрт чыгып кетпеши үчүн Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн атайын бригада тийиштүү техникалары менен чогуу алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Өткөн айда Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында түштүк тарапты көздөй бара жаткан күйүүчү май ташыган машина кулап, өрттөнүп кеткен. Айдоочуга жардам берүүнү көздөгөн эки милиция кызматкери оор жараат алып, кийинчерээк экөө тең каза тапкан.

Кыргызстандын түштүгүнө күйүүчү май ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылган учурлары көп катталат. "Нефтетрейдерлер" ассоциациясы өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү майды Өзбекстан аркылуу поезд менен ташууга уруксат сурап, өзбек бийлигине кайрылган учурлар бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG