Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Ташовдун камак мөөнөтү узартылды


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү ишкер Имамидин Ташовдун бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-январга чейин узартылганын бүгүн 22-ноябрда “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, аны Бишкектин тергөө абагында 15-январга чейин кармоо тууралуу чечим 10-ноябрда чыккан.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-октябрда билдирген.

Ташовдун жактоочулары жана жакындары буга байланыштуу комментарий бере элек. Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана анда шайлоочулардын добуштарынын 1,19% алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG