Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Польша Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылганы үчүн 16 чет өлкөлүккө айып такты


Краков шаарындагы темир жол вокзалы. Польша, март 2022-жыл
Краков шаарындагы темир жол вокзалы. Польша, март 2022-жыл

Польша 16 чет өлкөлүк жаранга Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылганы үчүн айып такты. Алар Украинага берилген аскердик техника тууралуу маалымат чогулткан, диверсиялык иштерди даярдаган деп шектелүүдө. AFP агенттигинин маалыматына караганда, кылмыштуу түйүндүн бети март айында ачылган. Чалгын кызматынын кеңсеси кармалгандардын бардыгы күнөөсүн моюнга алышканын билдирди. Алар польшалыктар арасында Украинага каршы маанайды жаратууну да көздөгөну айтылды.

Буга чейин Польшанын юстиция министри Збигнев Зебро айыпталып жаткандардын ар бири 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагына жазган.

Алар кайсы мамлекеттердин жарандары экени такталган жок.

Польша Киевди аскердик техника, курал-жарак менен камсыздаган ири донорлордун бири. Ал аркылуу Батыш өнөктөштөрү жөнөткөн жардам Украинага жеткирилип турат. Польша ошондой эле Орусия согуш ачкандан кийин украиналык качкындарды эң көп кабыл алган өлкө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG