Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Дагестандын кикбоксинг боюнча мурдагы машыктыруучусуна кылмыш иши козголду


Ахмад Ахмедов украин кызматына берген интервью маалында. 27-октябрь 2022-жыл
Ахмад Ахмедов украин кызматына берген интервью маалында. 27-октябрь 2022-жыл

Дагестандын кикбоксинг боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Ахмад Ахмедовго "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча кылмыш иши козголду. ТАСС агенттиги маалымдагандай, ал Украина куралдуу күчтөрүнүн тарабында согушкан деп шектелүүдө.

Орусиянын маалымат каражаттары Ахмедов эмгек сиңирген машыктыруучу экенин, 16 дүйнө жана Европа чемпиондорун өстүргөнүн жазышты. 2017-жылы Украинага көчүп кетип, улуттук командасын машыктырып жүргөн.

Бир жыл мурун ал «Азаттыктын» украин кзыматына берген интервьюда Орусия Украинага басып киргинден кийин "Хорт" деген ыктыярчылар батальонуна жазылганын айтып берген. Былтыр октябрда Дагестандын ыктыярдуу батальону түзүлгөндө бир бөлүгүнүн командиринин орун басары болгон. Мекенинде анын уулдары жана энеси калган.

Ахмедовдун айтымында, украин тарапта согуша баштаганда үй-бүлөсү куугунуктоого кабылган. Мисалы, баласы дүйнө чемпиону болгону менен аны жумушка алышпайт, эжесин полиция бөлүмүндө бир нече күн кармашкан, энесинин үйүн тинтишкен. Ал жакындарын алып чыгууну каалаганын кошумчалаган.

Интервьюсунда Ахмедов бул - кылмыштуу уруш экенин, Орусиянын тарабында согушкандарга эртедир-кечтир эл аралык трибуналда жооп берүүгө туура келерин түшүндүрүүгө аракеттенгенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG