Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов абактан бошотулду


Ахрор Иминов.
Ахрор Иминов.

16-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечими менен Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Иминовду бошотуу боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү өтүнүч келтирген.

УКМК Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деп айыптап, 11-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренесинин негизинде кармаганын билдирген.

Атайын кызмат Иминов жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнүн билдирген.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 4-декбарга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган.

Коюлган айыптар жана камакка алынышы боюнча Иминов өзү жана анын адвокаты комментарий берген эмес.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мафиясына тиешеси бар 70дей мамлекеттик кызматкер иштен алынганын маалымдаган.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG