Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Президент Жапаров бөтөн элдин кийимин туу тутпоо керектигин айтты


"Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" жыйыны. Бишкек. 23-ноябрь, 2023-жыл
"Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" жыйыны. Бишкек. 23-ноябрь, 2023-жыл

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкекте "Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" деген темада эл аралык конференция өтүүдө.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда өлкөдө дин тутуу эркиндиги барын жана ал мамлекеттик башкаруудан тышкары экенин белгилеген. Бардык конфессияларга бирдей мамиле жасалып жатканын, бул багытта атайын диний чөйрөдөгү концепция кабыл алынганын билдирген.

Жапаров жыйындын катышуучуларына дүйнө тез өзгөрүп жатканда келечек муунга туура тарбия берүүгө көмөктөшүү зарыл экенин эскертти.

"Дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорунда кыргыз иденттүүлүгүн жоготпой, бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, өзүбүздүн каада-салттарыбызды урматтап, сактап калышыбыз керек", - деп жазылган кайрылууда.

Кыргыз коомчулугунда жүздү жапкан паранжы менен узун сакалды тыюу маселеси акыркы убактарда кызуу талкууланып келет. Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжыга жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунун автору демилгеси улуттук жана мамлекеттик коопсуздукту сактоону көздөй турганын билдирип, жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей турганы, конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттар сакталарын билдирген. Долбоорго ылайык, эреже бузгандарга 2 миң сом айып салынат же 30 саатка коомдук иштерге тартылат.

Бишкекте бүгүн, 23-ноябрда "Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" деген темада эл аралык конференция өтүүдө. Ага 20дан ашык өлкөдөн келген түрдүү диндердин өкүлдөрү катышууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, Кыргызстанда 4 миңге чукул диний уюм бар, алардын 3600 ислам, 400гө жакын христиан багытында. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG