Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Ташиев “бандиттер топтолгон” “Ай-Пери” салону өкмөткө кайтарылып берилгенин айтты


"Ай-Пери". Сүрөт Фейсбуктан алынды.
"Ай-Пери". Сүрөт Фейсбуктан алынды.

Бишкектеги мурдагы “Ай-Пери” салонунун имараты мамлекетке кайтарылып берилгенин бүгүн Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиевдин айтымында, кылмыштуу топтор “чоң-чоң, мамлекетке пайда алып келүүчү ишканалардын баарында үлүшкө кирип, ээлеп отурушкан”:

“Мамлекет сата баштады. “Күрмөнтү-цементти” сатып жатабыз, ал ОПГ колунда болчу, 5-6 миллион долларга инвестор келип жатат. “Ай-Пери” салонунда бүт бандиттер топтолушуп, бар кылып алып, ошол жерди бүт өздөрү карап отурушкан. Аны толук бойдон өкмөткө өткөрүп бердик, 20-25 миллион долларга баалап, сатып жатышат. Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводун да криминал ээлеп алган”.

УКМК төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө кылмыштуу топторго каршы күрөштүн натыйжасында кайтарылып алынган 1 миллиард 200 миллион доллардан ашык сумма акчалай жана мүлк түрүндө өткөрүлүп берилди.

«Ай-Пери» сулуулук салону советтик мезгил учурунда борбор калаадагы ири коомдук тейлөө жайларынын бири болчу. Анын ичинде чач тарач, косметика залы, үлпөт салону жана башка тейлөө кызматтары жайгашкан. Кийин өлкө эгемендик алгандан кийин ал имараттын ичинде жеке дүкөндөр, тамактануу жана эс алуу жайлары ачылган.

1985-жылы курулган үч кабат имарат Бишкектин архитектуралык эстелиги болуп да калды. Анын ички дубалдарынын бирине атактуу график сүрөтчү Теодор Герцендин колунан жаралган мозаикалык чыгарма түшүрүлгөн. Ал жерде бар ачылганда сүрөтчүлөр жамааты ошол чыгарманын келечегине кооптонуусун билдиришкен. Бардын ээлери мозаика бузулбаганын, аны гипсокартон менен гана жаап коюшканын айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG