Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

"Эмакомдун" жетекчиси ири алдамчылыкка шектелип кармалды


Милиция жарыялаган сүрөт.
Милиция жарыялаган сүрөт.

Бишкекте курулуш компанияларынын биринин башкы директору өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 23-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ага каршы арыз Башкы прокуратурага быйыл июнь айында түшкөн.

Арызданган аял 2022-жылы жасалма инвестициялык келишим аркылуу акчасын көбөйтүп берүү шылтоосу менен анын 400 миң долларын алып, дайынын таптырбай кеткен кишиге чара көрүүнү суранган.

Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде иш козгогон. Тергөө иштеринин натыйжасында 39 жаштагы шектүү кармалды. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Социалдык түйүндөрдө кармалган киши “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси Мелис Жусупов экенин жазып жатышат.

Ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG