Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды


Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору. УКМК тараткан сүрөт.
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борбору. УКМК тараткан сүрөт.

“Сити Центр” ишканасынын башкы директору Ж.З. кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К.Асанбектин) кылмыш жолу менен алынган кирешелерин адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 24-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 22-ноябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Ага Кылмыш кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо”) менен айып тагылды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, “Сити Центр” ишканасы “ЦУМ” соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет.

Учурда ишкана тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК 11-ноябрда “ЦУМ” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (Маметов) издөө жарыялаган.
Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин кабарлады.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG