Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Газа тилкесинде согуштук аракеттер убактылуу токтоду


Хан-Юнис шаарынын тургундары. Газа тилкеси.
Хан-Юнис шаарынын тургундары. Газа тилкеси.

Газа тилкесинде убактылуу ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирди. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы жазды.

Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, согуштук аракеттер төрт күнгө токтойт. Бул маалда ХАМАС радикал уюму барымтада жаткандардын 50сүн бошотууга тийиш. Ал эми Израил түрмөдөгү айрым палестиндерди бошотот.

Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашуунун шарттарына ылайык, 24-ноябрда хамасчылар алгачкы 13 израилдик туткунду бошотушу керек. Жалпысынан радикал уюмдун барымтасында 220дай киши бар.

Ал эми израил бийлиги өз түрмөлөрүнөн 39 палестин аял жана баланы бошотот. Төрт күндүн ичинде түрмөдөгү 150 палестинди бошотуу сүйлөшүлгөн.

Израил туткундарын алгач Египетке, ал эми түрмөдөн бошотулган палестиндерди Иордан дарыясынын Батыш жээгине жеткиришет. Маалымат каражаттарынын жазышынча, израил бийлиги өз жарандарын көрмөйүнчө палестиндерди кое бербейт.

Убактылуу ок атышууну токтотуу режими күчүндө турган маалда Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизилет.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 240 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. Хамас көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Толук курчоодо калган аймакта таза суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого эң зарыл нерселер тартыш. Согуш башталганда Израил электр жарыгын берүүнү токтотуп, Газаны караңгылык каптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG