Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

"Апрелчилер" Бакиевдин келишине каршы экенин билдиришти


Апрелчилер президент Жапаровго кайрылуу жасашты. Бишкек. 25-ноябрь, 2023-жыл
Апрелчилер президент Жапаровго кайрылуу жасашты. Бишкек. 25-ноябрь, 2023-жыл

"Мекен шейиттери" кыймылы, "Айкөл Ала-Тоо" баштаган сегиз коомдун өкүлдөрү жана 2010-жылы Апрель окуясында жакындарынан ажырагандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Алардын 20дан ашуун өкүлү бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Горький аянтына чогулуп, кайрылуусун журналисттерге окуп беришти жана бийликке суроо-талаптарын коюшту.

Апрелчилер мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин огунан каза тапкан жакындары үчүн эч кандай кун алышпай турганын белгилешти.

"Өз элин канга боеп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалдарын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны да албайбыз!", - деп жазылган кайрылууда.

Кайрылуу ээлери Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине караманча каршы экенин айтышып, президент Садыр Жапаровго "отуз жылга соттолгон Бакиев келсе камалат" деген сөзүн бузбоону эскертишти.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG