Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Акын Нурлан Калыбековдун чыгармачыл кечеси өттү


Акын Нурлан Калыбеков.
Акын Нурлан Калыбеков.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбековдун 50 жылдык мааракесине арналган адабий кече өттү.

24-ноябрга белгилеген иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, бир катар маданият ишмерлери, калемгерлер, акындын кесиптештери, жакындары катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, акын Нурлан Калыбеков мектепте окуп жүргөндө эле поэзия дүйнөсүнө аралашып, мыкты эмгектери менен элге таанылганын белгиледи.

Маданий саамалыкта акындын ырлары окулуп, обондуу ырлар жаңырды.

Акын Нурлан Калыбековдун поэзия кечеси.
Акын Нурлан Калыбековдун поэзия кечеси.

50 жаштагы Нурланбек Калыбеков “Селкилердин селкинчек”, “Жаңы толкун”, Жолон Мамытовдун “Издейм сени” Турар Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун”, Алыкул Осмоновдун “Ата-Журт” китептерин түзгөн жана “Кожоюн” жана “Ирмемдер” баштаган ыр китептердин автору. Ошондой эле орус, казак жазуучуларынын эмгектерин кыргызчалаган котормочу катары да белгилүү. Мындан сырткары, Кыргыз жаштар поэзиясынын жана прозасынын антологияларын түзгөн.

Акын 2019-жылдын февраль айынан бери Улуттук жазуучулар союзун жетектеп келет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG