Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды


Газадан эвакуацияланып Египетке өткөн адамдар. Рафах чек ара бекети, Египет. Ноябрь, 2023-жыл
Газадан эвакуацияланып Египетке өткөн адамдар. Рафах чек ара бекети, Египет. Ноябрь, 2023-жыл

Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдиргендей аларды алып келүүгө Кыргызстандын Сауд Арабиядагы жана Орусиядагы элчиликтеринин кызматкерлери көмөктөшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Газа тилкесинен кетүүнү каалаган мекендештерди эвакуациялоо уланарын кошумчалады.

15-ноябрда Газа тилкесинен Казакстандын 92 жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү эвакуацияланганы кабарланган.

ХАМАС радикал уюму (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) менен Израилдин ортосунда АКШ, Катар, Египеттин ортомчулугунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө согуш токтоду. Ага ылайык курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам кирет.

Бул убакыт аралыгында ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 240 кишиден 50нү бошотушу керек. Израил өз кезегинде 150дөй аял менен өспүрүмдү өткөрүп берүүгө тийиш.

ХАМАС бир күн мурда 25 адамды барымтадан бошоткон. Алардын 11и таиланддык, бирөө филиппиндик жаран экени айтылды. Калганы израилдиктер.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG