Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Дрон чабуулунан улам Орусияда аэропорттордун иши токтоп, кайра жанданды


Быйыл жайындагы дрон чабуулунун кесепеттери. Москва шаары. 2023-жыл, 24-июль.
Быйыл жайындагы дрон чабуулунун кесепеттери. Москва шаары. 2023-жыл, 24-июль.

Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү ишембиден жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин Телеграм каналы аркылуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди.

"Бүгүн түндө учкучсуз учактардан жапырт чабуул коюу аракети болду. Абадан коргонуу күчтөрү Москваны беттеп бараткан дрондорду Наро-Фоминск жана Одинцово шаардык аймактарынан атып түшүрдү. Ошондой эле абадан коргоо күчтөрү Брянск, Тула жана Калуга облустарында бир нече учкучсуз аппараттарды жок кылууга жетишти", - деп жазды Собянин.

Андан кийин мэр Подольск аймагында дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Чабуулдардан кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары учактарды кондуруп-учурууну убактылуу токтоткону белгилүү болду. Flightradar24.com булагынын маалыматы боюнча, "Внуководо" жүргүнчү ташуучу эки лайнер учак тилкесинде турган, дагы үч каттамдын учуусу кечеңдеди. "Домодедоводо" бир рейс кармалды деп жазды ТАСС агенттиги. Кийин эки аэропорт тең кайра мурдагы калыбында иштей баштаганы кабарланды.

Москвага дрон чабуулу тууралуу Москва облусунун жетекчиси Андрей Воробьев бүгүн эртең менен өзүнүн Телеграм каналында билдирди. Ал Москванын мэри Сергей Собяниндин айткандарын тастыктап, Наро-Фоминск, Одинцово, Раменский жана Подольск шаардык аймактарында учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Воробьевдун айтымында, сөз беш дрон жөнүндө болуп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин төрт аймакта 20 дрондун чабуулу болгонун билдирген. Украинанын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек. Тула облусунун губернаторунун маалыматы боюнча, эки учкучсуз учактын бири көп кабаттуу турак үйгө кулап түшүп, андан бир тургун жаракат алган.

Москванын четиндеги чабуулдардан үч жерде курулуштарга зыян келтирилген, каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG