Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Президент Жапаров ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты


Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышууда. 2023-жылдын 26-июлу.
Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышууда. 2023-жылдын 26-июлу.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.

Курулуш компаниясынын өкүлдөрү мамлекет башчысына келерки жылдын сентябрында көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, колдонууга тапшырыла турганын убада кылган. Он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпысынан 986 батир бар.

Жалпы жонунан курулуш жүрүп жаткан жерде көп кабаттуу отуз тогуз үй курулмакчы, алар мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жарандарга жеңилдетилген шартта берилет.

Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык ченемине ылайык ар бир кишиге 30 чарчы метр турак үй туура келиши керек. “Мамлекеттик ипотекалык компания” мекемесинин берген маалыматына таянсак, ар бир кыргызстандыкка 12-13 чарчы метр гана туура келет.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ипотекалык турак жайларды куруу боюнча келишимге кол койгон. Кредиттик макулдашууга ылайык фонд ипотекалык турак жайларды курууга 100 миллион доллар бөлүүдө.

Аталган мыйзамды быйыл 29-июнда парламент кабыл алган. Кредиттик макулдашууга ылайык “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Сауд Арабиясынан келген каражат Бишкек шаарындагы № 47 колониянын ордунда курулуп жаткан турак жай комплексин каржылоого жумшалат.

Буга чейин ипотека аркылуу жалпы 8462 жаран үйлүү болгон. Жалпы турак үйлөрдүн аянты 673 миң чарчы метр. Аны каржылоого 13 млрд 700 млн сом керектелген. 12 млрд сом инвестиция иретинде тартылган. Ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 13798 жаран кезекте турат.

Бул күнү президент Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барып, материалдык-техникалык база, жоокерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG