Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Ырыс Жекшеналиевдин сотунда адвокаттарга сөз берилди


Ырыс Жекшеналиев. Архивдик сүрөт.
Ырыс Жекшеналиев. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча кезектеги отурум өттү. Анда активист өзү жана эки адвокаты жарыш сөзгө чыгышты.

Алар Жекшеналиевдин күнөөсү жоктугун, аны актоо керектигин айтып, соттук саясий экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүштү.

Кийинки отурум 4-декабрга белгиленди. Ал күнү Жекшеналиев акыркы сөзүн сүйлөйт жана чечим чыгышы мүмкүн.

Бүгүнкү отурумда сот активисттин бөгөт чарасынын мөөнөтүн 29-ноябрдан 29-декабрга чейин узартып, үй камагын жашаган жеринен чыкпоо чарасына өзгөртүүдөн баш тартты.

16-ноябрдагы отурумда прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган.

Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Мыйзамда бул берене менен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

20 жаштагы Жекшеналиев коюлган айыптарды четке каккан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG