Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Катар: Израил менен ХАМАС ок атышпоо режимин эки күнгө узартууну макулдашты


ХАМАС радикал уюмунун барымтасынан бошотулган израилдик тестиерлер.
ХАМАС радикал уюмунун барымтасынан бошотулган израилдик тестиерлер.

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо режимин дагы эки күнгө узартууну макулдашты. Бул тууралуу сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Катардын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мажид аль-Ансари Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнү аркылуу жарыялады.

Буга чейин Израил ХАМАСтын согушкерлери күнүнө барымтадан 10 кишиден бошотуп турса, макулдашууну улам бир күнгө узартууга даяр экенин билдирген. ХАМАС радикал тобу дагы 24-ноябрда күчүнө кирген төрт күндүк келишимди узартууга ниеттенип жатканын кабарланган.

Ошону менен катар Израилдин бийлиги эгерде ХАМАС куралдуу тобу барымтадагылардын калгандарын бошотууга макул болбосо, жөөт армиясы макулдашуунун мөөнөтү аяктар замат операциясын болгон күчү менен жанданта турганын эскерткен.

Дүйшөмбүдө ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 11 израилдикти бошотууга тийиш. Алардын тизмеси 26-ноябрдын кечинде Израил бийлигинин колуна тийген. Жекшембиде жоочулар туткундагы 14 адамды, анын ичинен тогуз баланы Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирген соңку үч күндүн ичинде хамасчылардын барымтасынан 39 израилдик, ал эми израил түрмөлөрүнөн 117 палестин бошотулду.

Андан тышкары ХАМАС радикал уюму барымтадагы чет элдиктерди дагы бошотууда. Ал мамлекеттердин бийликтери менен өз ара түзүлгөн макулдашуунун алкагында ишке ашып жатат.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG