Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

УКМК мурдагы депутат Борис Сандын уулу кармалганын билдирди


Шектүү.
Шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу, Бишкектеги ар кандай бизнес объектилеринин, анын ичинде Sun City комплексинин, "Золотой дракон" ресторанынын ээси Александр Сан кармалганын билдирди.

Ал "криминалдык дүйнөнүн анабашы" атыккан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар деп шек саналууда. Санга 21-ноябрында "кылмышка шериктеш болгон" деген айып тагылып, 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилгени 28-ноябрда расмий маалымдалды.

Сандын иши Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү - “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”, 222-беренесинин 3-бөлүгү - “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо” фактылары менен тергелүүдө.

Тергөөнүн баштапкы маалыматында "Магнат" турак жай комплексиндеги кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу, Санга таандык мурдагы "Зодиак" казиносуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовго байланышы бар жагдайлар аталууда.

Атайын кызмат Сандын үй-бүлөсүнө таандык ондогон кымбат баалуу кыймылсыз мүлк, баасы 80 млн АКШ долларын түзгөн коммерциялык мүлктөр аныкталганын билдирди.

"Азаттык" радиосу азырынча Александр Сандан, анык жакындарынан же адвокатынан комментарий ала алган жок. Шектүүнүн атасы Борис Сан 2007-жылы Жогорку Кеңешке "Ак жол" партиясынан депутат болгон.

Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев криминалга каршы күрөш мындан ары да уланарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG