Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Кадамжай администрациясынын алдындагы Лениндин эстелиги алынды


Баткендин Кадамжай райондук администрациясынын алдынан алынган эстелик.
Баткендин Кадамжай райондук администрациясынын алдынан алынган эстелик.

Баткендин Кадамжай райондук администрациясынын алдындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги алынды.

Бул тууралуу 28-ноябрда “Азаттыкка” райондун акими Кутпидин Шакиров билдирди. Анын сөзүнө караганда, Лениндин эстелигин башка жакка көчүрүү тарыхчылар жана жергиликтүү калк менен кеңешип чечилген.

“Кадамжай районунан да көп улуу инсандар чыккан. Ошолордун эстелигин коёлу дедик. Анын үстүнө Лениндин эстелигинин эскилиги жетип, реконструкциялоого муктаж болуп калган. Өзүбүздүн да улуу инсандарды барктай турган мезгил келди го дейм”, - деген Шакиров бул иште эч кандай саясат жок экенин кошумчалады.

Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда көп. 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына Лениндин эстелиги тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Оштун борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели турат.

2022-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке Лениндин бюсту коюлуп, коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG