Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Кара-Суу базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты


Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияга катышып жаткан ишкерлер кабарлады.

Ал соодагерлер ККМге жана 2024-жылдан баштап буга чейин калып калган товарлардын эсеп-фактурасы жок болсо айып салынат деген чечимге каршы болуп жатканын айтты. Ишкерлердин айрымдары администрациянын имаратына кирип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп жатат.

Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Кара-Суу Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Базарда 5 миңден ашык киши иштейт.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG