Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

Акылбек Жапаров британиялык инвесторлорду кызматташууга чакырды


Майкл Майнелли менен Акылбек Жапаровдун жолугушуусу. Лондон, Британия
Майкл Майнелли менен Акылбек Жапаровдун жолугушуусу. Лондон, Британия

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди Кыргызстан менен кызматташууга чакырды. 29-ноябрда Бишкек тараткан расмий маалыматка ылайык, Жапаров Британиянын баш калаасында Лондон шаарынын лорд-мэри, City of London корпорациясынын башчысы Майкл Майнелли менен жолукту.

Ал кыргыз өкмөтү бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, каттоо жана лицензиялоо жараянын жөнөкөйлөтүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, Майнелли аркылуу британиялык инвесторлор менен ишкерлерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууга чакырды.

Майкл Майнелли эки тараптуу кызматташуу буга чейин да болгонун, аны улантууга жана жакшыртууга үмүт артарын белгиледи.

Минкаб төрагасы Кыргызстан Улуу Британия менен экономикалык багытта эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө артыкчылык берерин айтты.

Жапаров Лондонго эл аралык MINEX конференциясына катышуу үчүн барган. Сапардын алкагында чет элдик өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу мүмкүнчүлүгү каралары кабарланган.

Кыргызстандын өкмөтү инвесторлорго бардык шарттар түзүлө турганын айтып келатат. Президент Садыр Жапаров инвесторлордун укуктары жана бизнеси корголорун бир нече ирет кайталаган. Өкмөт инвестиция тартуу боюнча атайын министрлик түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG