Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Төрт базардын профсоюз башчылары УКМКга сурак берип чыкты


Гүлназ Эргешова жана "Аламүдүн базарынын соодагери "УКМКнын имаратынын алдында. 1-декабрь, 2023-жыл
Гүлназ Эргешова жана "Аламүдүн базарынын соодагери "УКМКнын имаратынын алдында. 1-декабрь, 2023-жыл

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына (УКМК) сурак берип чыккандардын бири, Аламүдүн базарынын профсоюз жетекчиси Гүлжан Эргешова “Азаттыкка” билдирди.

Эргешованын айтымында, 1-декабрда аталган базардын соодагерлери нааразылык акцияга чыгып, өкмөткө жаңы салык эрежелерин киргизбөө талабын койгон. Көп өтпөй УКМК кызматкерлери аны суракка алып кеткен.

“Нааразылык акциялардын артында ким турат? Эмнеге чыктыңар? Ким уюштурду? деген суроолорду беришти. Дээрлик алты саат бою кызматкерлердин суроолоруна жооп берип, жыйынтыгында өздөрү даярдап берген кагазга кол коюп, анан чыктым. Алар кол тамгаңды койбосоң чыкпайсың деп айтышты. Биз соодагерлер ККМге каршыбыз, аркабызда бизди сүрөгөн эч ким жок, ишкерлер өзүбүз чыктык. Ар бир жаран өз позициясын билдирүүгө акылуу”, - деди Эргешова.

“Аламүдүн” базарынын кесиптик кошуун башчысы 1-декабрда “Мадина”, “Таатан” жана Орто-Сай базарларынын профсоюз башчылары да аны менен бирге сурак бергенин кошумчалады.

Буга чейин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

"Дордой" базарынын сатуучусу Урмат Байматов адегенде милицияга, андан кийин УКМКга сурак берип чыккан.

29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдында акция өткөрүшкөн. Бул окуядан кийин Салык кызматы “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары ККМ колдонуудан бошотула турганын билдирген.

30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, Орто-Сай базарларынын соодагерлери митингге чыгып, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн, Таатан, Ош шаарындагы, Таластагы, Караколдогу базарлардын сатуучулары митинг өткөрүшкөн. Алар "Дордой" менен Кара-Сууга берилген жеңилдиктерди сурап, патент системасын калтырууну талап кылышкан. Бирок экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде башка базарларга мындай жеңилдик берилбей турганын белгиледи.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG