Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Садыр Жапаров элди жардамга муктаждарга күйүмдүү болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда ар кандай себептерден улам майып болуп калган адамдарга өкмөт ар тараптан кам көрүүгө аракет кылып жатканын айтып, жарандарды жардамга муктаждарга күйүмдүү болууга чакырды.

“Өлкөбүздө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбейт, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасалат. Себеби, элибиз каш-кабактын ортосундагы болуп кетүүчү кырсыкты болжоп болбойт деп, ошондой эле жараткандын жазмышы деп тубаса дартты туура кабыл ала билген акылман эл. Тагдырдын жазмышына кабылган мындай жарандарга жардамын аябай кол сунган жоомарт эл. Ага жараша мамлекет дагы майыптуулугу бар жарандарына ар тараптуу тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү аракетин көрүп келет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү мекендештердин муктаждыктарын канааттандырууну, алардын укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билет. Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүнкү күнгө терең маани берүү менен баарыңыздарды жардамга муктаж жарандарыбызга мээримдүү, күйүмдүү, камкор, кайрымдуу жана карамдуу болууга чакырам”,-деп жазылган кайрылууда.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңден ашат. Алардын 37 миңден көбү балдар.

Буга чейин айрым укук коргоочулар өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны расмий статистикадан көп экенин билдирип келишкен. Аларга мамлекеттен тиешелүү жардам толук берилбегени, шарт түзүлбөгөнү тууралуу сын-доомат айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG